Биз менен байланышыңыз

«Талибан» кыймылы өлкөдөн чыгып кеткен мугалимдерди кайра кайтууга үндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2022 | 803 | 0

Ооганстандагы бийликти басып алган «Талибан» кыймылы өлкөдөн чыгып кеткен мугалимдерди кайтып келүүгө чакырды. Бул тууралуу Ariana News сайты жазды.

Өкмөт илимий прогресске жетишүү үчүн профессорлор мекенине кайтып келүүсү керектигин белгиледи.

«Ооганстан бардык этностордун жалпы үйү, биз алардын өнүгүшүнө жооптуубуз. Буга байланыштуу Жогорку билим берүү министрлиги өлкөдөн чыгып кеткен бардык профессорлорду мекенине чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт ошондой эле жаңы мугалимдерди жумушка алуу үчүн каражат бөлгөнүн билдирди.

«Туулган жеринен кеткен кадрларды кайра кайтып, ыйык иштерин улантып, өлкөнүн илимий прогрессине салым кошууну суранабыз», — деп кошумчалаган Жогорку билим берүү министрлиги.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM