Анжиянда медициналык борбордогу жарылуудан 1 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.
Башкы прокуратура жардыруу фактысы боюнча Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Министрликтин маалыматы боюнча, жардыруудан бир адам каза болуп, он бир адам жаракат алган.
Буга чейин 4 жабырлануучу тууралуу айтылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, «Зитерия» ЖЧКсынын 3 кабаттуу жеке медициналык-диагностикалык борборунун биринчи кабатында газ-аба аралашмасы жарылган. Натыйжада кинетикалык таасирдин натыйжасында имараттын дубалдары талкаланган.