Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кыздар арасында ойлоп табуучулук шыгы артууда

Коом | 12 Фев 2022 | 338 | 0

Бүгүн, 11-февраль дүйнө жүзү илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнүн белгиледи. Кыргызстанда илим тармагында эмгек кылгандардын 40% гана аялзаты түзөт, ошондой эле илим жана техника тармагында аялзаты эркектерден 2-3 эсе аз эмгектенишет. Адистер бул тармактарда гендердик ажырым дале бар экендигин белгилешет. Билим берүү жана илим министрлиги жаштарды, анын ичинде кыздарды илимге тартуу үчүн аспирантурадагы стипендиянын өлчөмүн көбөйтүүгө аракет кылып жаткандыгын билдирди. 

Учурда Кыргызстанда 4800дөй илимдин кандидаты, 1200дүн тегерегинде илимдин доктору бар. Мунун ичинен болгону 40% аялдар.

Аялзатынын турмуштагы жоопкерчилигинин көптүгүнөн улам, илим жаатында аз көрсөткүчтү түзүүдө. Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева жаштарды, анын ичинде аялзатын илимге тартууда аспиранттардын стипендиясын жогорулатуу аракети жүрүп жатканын билдирди.

«2005- жылы эле 1450 сом ченеминде каралып калыптыр. Ушуга чейин 17 жыл болду. Ошондон бери бул стипендия көтөрүлө элек. Мен дайыма маселе коем, аспирант 1450 сом менен окуйбу? Ушул дагы маселе жаратат да. Биз стипендияны 6200 сомго көтөрүү тууралуу сунушубузду бергенбиз. Эгерде көтөрүлүп кала турган болсо, бюджеттен 20 миллиондун тегерегинде кошумча талап кылынат экен. Эгерде мамлекет колдоп берсе, жаштарды илимге тартмакпыз. Жакшы жыйынтыкка жетет элек». 

2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө илим жана техника жаатында 8025 эркек, 3452 аял иштей турганы маалым болгон. Тактап айтканда, бул тармакта эркектер аялдардан 2-3 эсе көп.

Бул ажырым өлкөдөгү жаштар арасында компьютердик программалоону үйрөнүүдө да байкалат. Былтыркы жылы беш IT лицейин 62 окуучу бүтүрсө, алардын көбү эркек балдар болгон.

Учурда кыздарды жаңы технологияга тартуу үчүн USAID дин “Илимдеги кыздар” долбоору ишке ашууда. Анда мектеп курагындагы миң кызга ар түрдүү багыттагы курстар өтүлүп, келечегине багыт берилет. Долбоордун ментору Салтанат Адылбек буларга токтолду.

«Мисалы, образдуу айтканда “журналистикага барсаң, журналистиканы роботтор деле алып барып калышы мүмкүн, сен андан көрө програмисттикин оку, анда тескерисинче роботторду сен башкарасың” деп кыздарга багыт берип жатабыз. Анан көп учурда “күйөөгө тиесиң, башка каяка барасың” деген коомдогу стереотиптерден улам кыздардын көбү окуу жайларды аяктабай калышат. Ошону биз түшүндүрүп берип жатабыз, “билимдүү болгондо гана сен көз карандысыз болосуң, билимдүү болгонуңда гана балдарыңа билим бере аласың”. Ошол багытта иш жүргүзүлүп жатат».    

Аялдарды илимий-техникалык чөйрөдө колдоо бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүсү үчүн да маанилүү экендигин белгилеген Кыргызпатент агенттигинин директору Рахат Керимбаева, алдыда ойлоп табуучулукка кызыккан кыздардын катары калыңдап баратканын айтат. Ал муну жакшы жышаан катары баалады.

«Кыздарыбызда ойлоп табуучулук шыгы артууда. Мурда “ойлоп табуучулук биздики эмес, бул эркектерге таандык” деп ойлошчу да.  Же жаратмандык жумуш бизге ылайык эмес жумуш деши мүмкүн. Биз ойлоп табуучулукка кызыккан мектеп окуучуларын байкап жатабыз. Бул абдан кубандырат. Кыргызстандын келечеги кен. Жакынкы 5-10 жылда IT тармагында ийгилик жарата турган кыздарыбыз чыгып келе жатат».

Илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнү 2015-жылдын 22-декабрында Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген. 2016-жылдан тарта дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM