Биз менен байланышыңыз

USAID Борбор Азиянын соода тармагын жакшыртуу программасын ишке киргизди

Кыска кабар , Экономика | 11 Фев 2022 | 625 | 0

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Борбор Азияда жаңы программасын ишке киргизди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бюджети 19 миллион долларды түзгөн беш жылдык программа Борбор Азиядагы соода тармагындагы кызматташтыкты жакшыртууга багытталат  жана Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды өз ичине камтыйт.

Маалымат боюнча, долбоордун алкагында бажы жана чек ара көзөмөлүнүн жол-жоболорун шайкеш келтирүү, экспорттук кызматтарды кеңейтүү пландаштырылууда.

Аталган программа Экономика жана соода, Транспорт жана коммуникациялар министрликтери, Мамлекеттик бажы кызматы жана Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM