«АИС Хоум» турак жай коммерциялык эмес кооперативинин төрагасы Бакытбек Болотбеков калкты үй-жай менен камсыз кылууда алгылыктуу иштерди аткарып келет. Соңку 4 жылда жалпы 350гө жакын жаранды жеке турак жайга ээ кылган. Калкты үй менен камсыз кылууда мол тажрыйбага ээ Болотбеков №29 Свердлов округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду. Маектешибиз өлкөдөгү турак жай жаатындагы көйгөйлөр, аны чечүү жолдору, жарандарга түзүлгөн шарттар жана парламентке баруудагы максаттары менен бөлүштү.
— Cиздин ишкерлик жаатында, тагыраагы курулуш тармагында, элди турак жай менен камсыз кылуу боюнча тажрыйбаңыз бар экен, ийгииликтүү ишкерлердин бири катары тааныла баштапсыз, эмне үчүн депутат болгуңуз келди?
— Мен соңку 4 жылдан бери турак жай кооперативи жаатында иштеп келе жатам. Ушул күнгө чейин биздин аракетибиздин аркасында 350дөй адам үй алды. Чындап келгенде, бул сан аябагандай аз. 2018-жылы 18 жаштан жогоркулардан үй боюнча сурамжылоо жүргүзгөндө 80%ы үйгө, жеке турак жайга муктаж экенин билдиришкен. Мындайча айтканда, ар бир экинчи кыргызстандык үйгө муктаж. Бишкек шаарында көптөгөн биздин жарандар батирлеп жашап жатышат. Андай көрүнүштөр Кыргызстан боюнча бар. Миграцияда жүргөн биздин жарандардын 95%ынын өлкөгө келип үй алам деген максаты бар экен. Биз ошонун баарын көрүп, бул боюнча масштабдуу иш алып барышыбыз керек экенин түшүндүк. Мен Жогорку Кеңешке эмнеге барайын дедим? Биз 2004-жылы кабыл алынган кооперативдер жөнүндөгү мыйзам менен иштейбиз. Бул мыйзам учурда өзгөртүүгө муктаж. Мыйзамды өзгөртүп, ошонун негизинде мамлекеттин катышуусу менен мамлекеттик турак-жай кооперативин жана мамлекеттик турак жай курулуш кооперативин түзүшүбүз керек. Анан муниципалдык кызматта иштеген жарандарыбыздын арасында мамлекеттик программа менен үй алабыз деп кезекте тургандар бар. Ошону менен учурда үй алабыз деп миңдеген адам кезекте турат. Ушул көйгөйлөрдү чечүүнүн эң туура жолу: мамлекеттик кооперативдерди түзүү. Биз бул жол менен көптөгөн маселелерди чечебиз. Биз калктын турак жай көйгөйүн масштабдуу чечүү үчүн парламентке бара жатабыз.
— Бул кооперативдер тууралуу программаңыздын таралуу чөйрөсү канчалык? Дегеним, сиз Бишкек шаарынын Свердлов районунан гана эл өкүлү болуп шайланасыз да…
— Райондордо, айылдарда же чет жактагы шаарларыбызда жаш адистер жетишпейт. Учурда ал жактарга алып баруу кыйын. Анткени бул жактан жакшы жумуш таап, жакшы турмуш куруп кетсе болот. Аймактарда андай шарт жок. Ушул көйгөйдү да мамлекеттик кооперативдер аркылуу чечсек болот. Тагыраагы, райондордо, облус борборлорунда мамлекеттик кооперативдер түзүлүп, жаш адистерди турак жай менен камсыздоо керек. Алыскы райондорго соицалдык бир типтеги үйлөрдү салып туруп, жаш мугалим, врачтарга кезексиз берип, анан «5 жылдан 10 жылга чейин ушул жерде иштейсиң, ошондо үй сенин менчигиңе айланат» деп социалдык үйлөрдөн берсек, жер-жерлерге адистерибиз да барат, алар барган жерлерде өнүгүү да болот. Мамлекет Бишкек шаарында гана өнүкпөй, толугу менен өнүгүү жолуна түшөт. Демек, программа бир район менен гана чектелбейт, программа бүтүн Кыргызстанды камтыйт.
— Аталган программаны ишке ашырууга сизге канча убакыт керек?
— Биздин иштетүү программабыз даяр. Жогорку Кеңешке барганда өкмөткө кайрылып, атайын иштөө комиссиясын түздүрөм. Анткени бул маселе тезирээк чечилбесе, элдин көйгөйү оор бойдон кала берет. Миграция мындан да күчөп, жаштар сыртка агыла берет, элибиз үстү-үстүнө кыйнала берет. Муну ишке ашырууга көп деле убакыт кетпейт. Болгону саясий эрк керек.
— Кыргызстанда бардык адам өзүнүн үйү болуусун каалайт. Калкты турак жай менен камсыз кылуу үчүн мамлекет кандай аракеттерди көрүп атат? Аракеттер байкалабы?
— Негизи Конституция боюнча Кыргызстандын ар бир жараны турак жайга ээ болууга тийиш. Мамлекет ар бир жаранды үй менен камсыздоого милдеттүү. Бирок иш жүзүндө андай кыла албайт. Ага көп каражат талап кылынат. Мамлекеттик кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу программасында пайызын төмөндөтүп, 4% деп шарт түзүп жатат, бирок ошол эле учурда ал программада бардыгын каржылаганга анчалык көп суммадагы каражат жок. Экинчиден, ал программа мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана. Ага да бир катар талаптар коюлган. Ошону менен жарандардын 90%дан ашыгы турак жайга ээ боло албай жатышат. Эгер реалдуу карап келе турган болсок, жарандарды үй менен камсыз кылууда мамлекет жактан реалдуу чоң иштер болгон жок. Эл өзү менен өзү. ГИК программасы деле иштеп жатат, бирок ал менен деле маселе чечилген жок.
— Жарандардын турак жай сатып алуусуна кандай жеңилдиктер берилиши керек?
— Алгачкы төлөмдү азыраак коюп берүү керек. Мисалы, бир канча шартка бөлүп койсок болот. Эгерде жарандын алгачкы 35% төлөмү бар болсо, ошону төлөп, кезекке туруп алып алгыдай шартты түзүү керек. Эгерде алгачкы төлөмү жок болсо, мамлекеттик кызматтабы, же башка жумушта иштейби, ошол кооператив менен келишим түзүп туруп, анан ай сайын 5 000 ден 10 000 сомго чейин топтоо программасын түзүү керек. Ал жаран ай сайын мамлекеттик кооперативдин эсебине которо берет. Арадан 1 жыл өтөбү, 2 жыл өтөбү, баягы топтолгон каражаты чогулуп отуруп, бир үйдүн 20% же 30%ына жетет. Жеткенде кооператив аны кезекке коёт же болбосо кооператив салып берген үйдөн алат. Ошондой шарттарды мамлекет сунушташы керек. Ошондой программаны киргизүү керек.
— Эл өкүлү болуп калсаңыз, дагы кайсы маселелерге көңүл бурасыз?
— Өлкөдө бир гана турак жай маселеси эмес, социалдык маселелер да көп. Социалдык маселелердин баары эле каражатка, бюджетке, экономикага келип такалат. Анан каражаттын баары эле Бишкек шаарына же ири шаарларда гана калып кетет. Мен аймактарды өнүктүрүү боюнча иш алып барайын деп жатам. Маселен, ар бир аймакка иш орун түзүү. Биз инвестиция деп эле тыштан күтөбүз, бизде ички инвесторлор аябагандай көп. Ошолор менен мамлекет туура иш алып барып, башын бириктирип, биргеликте ишканаларды түзсөк болот. Ошондо элеттеги элибиздин жашоо-турмушу оңолот. Элдин турмушу оңолсо, мамлекет да өсөт. Менин бирден бир негизги багытым – аймактарды өнүктүрүү.
Андан тышкары соңку мезгилде бизде электр энергиясында кризис күчөдү. Биз энергетикалык эркиндикке ээ болуу үчүн ири ГЭСтерди курушубуз керек. Буга саясий эрк керек. Суунун башында туруп, жарыкты көйгөй кылганыбыз уят. Чакан жана орто ГЭСтерди да курууну көбөйтүшүбүз керек. Ошону менен суубузду да сактап калабыз, аны сатып экономикабызды оңдоп, элибизге да аз тариф менен берип колдоп алсак болот.
— Эл арасында «ишкерлер Жогорку Кеңешке келип, бизнесин гана коргойт» деген чочулоо бар эмеспи. Сиз социалдык жоопкерчилиги бар иштер менен алектенесиз. Ушундай сындарга сиз кандай жооп бересиз?
— Бүгүнкү күндө алып барган ишим — «АИС Хоум» кооперативи. Учурда башкармалыктын төрагасымын. Бирок бул социалдык ишкана болгондон соң жеке бизнес эмес, коомдук ишкана. Мыйзам боюнча, кооперативдин 1000 мүчөсү бар болсо, чечимди ошолор кабыл алат. Каалаганын алып, каалаганын коюп коюшат. Мен парламентке барсам, коопертивге эч нерсем байланбайт. Анткени бул коммерциялык ишкана же компания эмес; бул менин жеке бизнесим эмес; бул — коомдук ишкана. Мен кооперативдин мындан да өнүгүшүн каалайм. Бул жагынан жеке кызыкчылык жок.
— Курулуш тармагында да көптөгөн мыйзамсыз көрүнүштөр бар экени айтылып, сындалып келет. Депутат болуп калсаңыз, бул жаатта сизден кандай иштерди күтсөк болот? Эми ишкер да жабыркабашы керек, калк да алданбашы керек, мамлекетке да зыяны тийбеши керек эмеспи?
— Ушул курулуш тармагын алсак, чынында көптөгөн компаниялар аягына чейин салып бүтө албай, же салган үйүнөн жок же элдин салган акчасынан жок болгон көп көрүнүштөр бар. Менин оюмча, курулуш компанияларга кошумча талаптар коюлушу керек. Курулуштун канча бир бөлүгүн, мисалы, Орусияда көптөгөн курулуш компаниялар өзүнүн каражатына үйлөрдү салып, андан кийин элге сатат. Мындай айтканда, көп бөлүгүн компания өзүнүн каражатына салышы керек. Кыргызстанга деле ошол практиканы иш жүзүнө ашыруу учуру келди деп эсептейм. Курулуш компаниялар көбөйдү. Эгер ушул мыйзам кабыл алынса, курулуш компаниялар жок дегенде 60% өзүнүн каражатына салышы керек. Эгер үй салам деген долбоор болсо, сметасы турушу керек. Анан банктагы эсебинде сметанын 60% каражаты турушу керек. Ошол каражат турса гана мамлекет салганга жана элге сатканга уруксат бериши керек. Ошондо компания 60% өзүнүн каражатына салып, калганын элдин алгачкы 30% төлөмү менен бүтүрсө, эл да, мамлекет да жабыркабайт, курулуш компаниялардын өздөрүнө да жакшы болот. Муну менен компаниялар сапаттуу жана кепилдик менен иштеп кете алат.
-Шайлоочулар сизди эмне үчүн шайлашы керек? Кандай ойлойсуз?
— Биринчиден, мен таза жол менен барам, таза жол менен өтөм, таза жол менен иштейм. Ошону менен элге чоң натыйжа көрсөткүм келет. Мен эмнеге баратам? Биз ар бир жарандын турак жай маселесин чечсек, мисалы, мугалимди алалы. Мугалим иштеп жатат, бирок ал батирде жашайт. Ал үй алгысы келет, алайын десе, айлыгы жетпейт, анан ал 2-3 сааттан 2-3 жакта иштейт. Ошентип ал энергиясынын баарын жумшап, биринчи кезекте өзү, экинчиден окуучу жабыркайт. Окуучусунун билим сапаты төмөндөйт. Ошентип билим деңгээлибиз азаят. Жылдын өтүшү менен коомубуз артка кетет. Ошондуктан, мамлекет жаш адистерди үй менен камсыздап койсо, сапаттуу билим берет. Бир эле багытта иштеп баштайт. Биз социалдык турак жай маселесин чечүү менен элдин жашоо-шартын оңдойбуз. Коомду оңдойбуз. Биз азыркы күн менен эмес, келечектин камын көрүшүбүз керек. ОШОНДУКТАН ЭЛ МЕНИ ТАНДАШЫ КЕРЕК!
Бакытбек Болотбековдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М. Б. Арабаеванын тескөөсү менен талапкердин шайлоо фондунан каржыланды. 11-февраль, 2022-жыл.