Биз менен байланышыңыз

Бээжин Олимпиадасы: Медалдардын саны боюнча Германия алдыга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 10 Фев 2022 | 419 | 0

Бээжинде (Кытай) өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында Германия курама командасы алтын медаль алгандардын тизмесинде биринчи орунга чыкты.

Германия курамасы оюндар башталгандан бери 5 алтын, 3 күмүш медаль алды. Ал эми экинчи орунда 4 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль менен Норвегия, үчүнчү орунда 4 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль менен Швеция мамлекети келатат.

Медалдардын жалпы саны боюнча биринчи орунду Орусия ээледи. Бул өлкөнүн спортчулары 2 алтын, 3 күмүш, 6 коло — 11 медаль алышты. Экинчи орунду 4 алтын, 2 күмүш, 4 коло — 10 медаль алган Норвегия, 2 алтын, 4 күмүш, 4 коло — 10 медаль алган Австрия багындырды.

Олимпиада өткөрүп жаткан Кытай мамлекети учурда алтындардын саны боюнча бешинчи орунда, медалдардын топтому боюнча он биринчи орунда турат.

Учурда 24 өлкөнүн спортчулары олимпиадалык медалдарды багындыра алышты.

Олимпиаданын бешинчи күнү, 9-февралда 6 комплект медаль ойнотулду.

Олимпиадага Кыргызстандын атынан бир спортчу катышып жатат. Ал 16-февралда жарышка чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM