Биз менен байланышыңыз

Темир Бирназаров: Коомго бат таанылып, акча табууну көздөгөн режиссёрлор көп

«Белгисиз маршрут» тасмасын көргөндүрсүз. Аталган кинонун режиссёру,  продюсер, сценарист Темир Бирназаров «Мен жана мезгил» программасында конокто болду. Агай менен учурдагы кино жана театрдын абалы туурасында кеп кылдык. Режиссёр коомго кино аркылуу ар кыл тармакта жеткире турган ойлору бар экенин, жакшы менен жаманды таразалай турган негизди тасмасында айгинелеп көрсөтөрүн баса белгиледи. Окурмандарыбыз үчүн кезектеги макала назарыңыздарда.

— Кичинеңизде чоң ата-чоң эненин колунда чоңоюптурсуз. Кандай тарбия алдыңыз?

— Мен өзүмдүн атамды «байке» деп чоңойдум. Чоң ата-чоң энемди «ата, апа» дечүмүн.  Ошолордун көз карашы боюнча, мен «тарбия көргөн эмесмин». Мени «тарбиясы жок» деп урушчу. Муну айтып жатканымдын себеби, жаман көргөнүм эмес. Ошол убактарда атам 80-85 жаштарга чыгып калган кез, атам менен апам мени: «Кой-ай, тигини кылба, муну жасаба», — деп чоңойткон жок. Ээн-эркин чоңойдум десем болот. Бир окуяны айтып берейин. Ал убакта 8-9 жашта болсом керек, агаларым үйдүн аркасына тамеки чегишчү. Бир күнү байкемдер чөпкө кеткенде алар ыргыткан тамекинин калдыгын кармалап жатсам, атам көрүп калып: «Тартасыңбы?» — деди, «Ооба», — дедим. Атам байкуш гезитке ар кайсыл чөп-чарды салып, тамеки жасап берди. Көзүмдөн жаш кетип, ачуу түтүнгө какап, тарта албай койдум. Ошондо атам: «Сен киши болбойсуң, ушу тамекини да жөндөп тарта албайсың!» — деп аябай урушкан. А киши: «Жок дегенде тамеки тартканды үйрөнсө киши болот», — деп ойлосо керек (күлүп). Ошондо «зыян, болбойт» деп айтпаптыр. Алган тарбиям ушундай болду, ээн-эркин чоңойгом.

— Режиссёрлук кесип «сиздики болорун» канча жашыңызда билдиңиз?

Мен мындай кесип бар экенин деле билчү эмесмин. Кийинчерээк 5-6-класста окуп калганда атам 15 сомго фотоаппарат сатып берди. Ошону менен сүрөт тартып калчумун. Кийин армиядан келип, бул чөйрөгө кызыгуу пайда болду. Негизи эле чыгармачыл адам өзүнүн дүйнөсүн чагылдыруу үчүн бир формасын табат. Окууну бүткөндөн кийин режиссёр эмне экенине кызыктым. Анткени сүрөт тартам, анан жазмакерлигим бар. Режиссёрлорду алсак, Актан — сүрөтчү, Эрнест — музыкант. А кино баарын камтыган универсалдуу форма экен да.

— Алгачкы тарткан тасмаңыз эмне тууралуу болду эле?

— Эң биринчи «Ыйлаба, Носорог!» деген кино тарткам. Ал кино СССР кулагандан кийин кароосуз калган жетим балдардын тагдыры жөнүндө болчу. Аталган фильм кийин Франциядан, Португалиядан, Италиядан көрсөтүлүп, сыйлык алды. Анда мен 5-курста окуп жаткам. Биринчи тарткан кином дипломдук ишим болду. Режиссурада көбү башка университеттегидей же мединституттагыдай окуйт деп ойлошот. Бизде бир группаны бир гана чебер алат. Ал биздин устат болот. Бизде 5 гана бала окудук. Эң кенжеси мен болчумун.

— Кино аркылуу элге эмнени айткыңыз келет?

— Ар бир чыгармачыл адамдын өзүнүн бул жашоого болгон көз карашы, позициясы болот. Мисалы, Эрнест Абдыжапаров сүйүү жөнүндө тартканды жакшы көрөт. Ал эми Актан Арым Кубаттын, Геннадий Базаровдун өзүнүн элге берүүчү темасы бар. А мен гуманизмге көбүрөөк басым жасайм. Анткени дүйнөдө зордук-зомбулук көп болуп кетти. Жаман нерселер жоюлуп, жакшылыкка, тазалыкка умтулушса дейм. Ошондой мотивде тартылган кинолор жан дүйнөмө жагат. Мен сыйлаган режиссёрлор Кытайда мыкты кино жаратуучу Чжан Имоу, Ирандан Маджид Маджиди, Европадан Кен Лоуч. Ушулардын жараткан кинолору таасир калтырат. Алар көбүнесе боорукерликке, кайрымдуулукка, жакшылыкка үндөгөн фильмдерди тартышат. Көпчүлүгүнө Квентин Тарантино жагат экен. Анын чеберчилиги жакшы, бирок, кинолорун деги бир жактырбайм. Мен окуучуларыма: «Бир жарым жыл аралыгында кино тартканды үйрөнөсүңөр, бирок элге тасма аркылуу эмнени жеткире аласыңар, ошону ойлонгула», — дейм. Кээ бири атын чыгарып, бат таанылгысы келет. Кээ бири көп акча табууну көздөйт. Бирок, элге жакшы таасир калтырган тасмалар жаралышы шарт.

— Тандаган кесипти таштап коём деген ой болду беле?

— Жок, андай ой келген эмес. Бул менин кесибим эмес, менин жашоо образым деп айтсам болот. Режиссёрлукту же чыгармачылыкты биз күнү-түнү ойлоп жүрөбүз.

— Көрүүчүлөр ар бир тасмаңыздан соң, көбүнесе кандай пикирлерин айтышат?

Ар бир адам өзүнүн кабылдоосуна, билимине жараша корутунду чыгарат. Мисалы, «Белгисиз маршрут» тасмасы жөнүндө айтайын. Бир жолу балдарга сабак берип жатсам, бир жигит: «Мен да сизден билим алгым келет», — деп келиптир. «А, эмнеге менден таалим алгың келет?» — десем, «Сиздин кинолоруңуз аябай жагат», — деди. «Эмнеси жагат?» — деп сурадым. Ал: «Өзгөчө айыл жергесинде автобустун, транспорттун жетишсиздигин жакшы сүрөттөп бергенсиз», — деди. Анан балдар: «Көрсө, сиз транспорттун жетишсиздигин тарткан турбайсызбы», — деп күлүп жүрүштү. Айтайын дегеним, ар бир көрүүчү өзүнүн билимине, деңгээлине жараша кабыл алат. Ошондуктан, баары бирдей болбойт.

Алдыда кандай тасмалар пландалып жатат?

Азыр мен Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактормун. 2022-жылга жаңы тематикалык планды бекитип, сценарийлерди кабыл алып жатабыз. Киностудиянын системасын толугу менен реформалайбыз. Толук метраждуу фильмдин сценарийи каралып жатат. Ал бекитилсе, тартуу иштери башталат.

Өзүңүз киного тартылгыңыз келеби?

Сценарийдеги каармандын баскан-турган мүнөзүн бүт өзүң жазасың. Анан ошого ылайыктуу болбой калса, «өзүм эле ойноп койсомбу?» деген ой келет. Бирок кинодо сырткы портрет менен ички психологиялык портрет дал келсе дейбиз. Кээде сырткы келбети туура келбей калса, айла жок башка каарман издөөгө туура келет. Майда-чүйдө эпизоддорго тартылып койсо болот. Бирок мен сценарий жазып жатканда актёрлордун кимиси кандай образ жарата аларын билем. Анткени биздин Кыргызстан чакан мамлекет. Ошондуктан, актёрлордун, актрисалардын көбүн тааныйм. Ар бирөөнүн диапазонун билем.

— Аларга кандай талаптарды коесуз?

— Сценарийге эмне жазсам, ошол талаптарды коём.

— Жаңы жүздөргөчү?

— Бир киномо актрисаны көчөдөн көрүп, башкы ролго алгам. Азыркы белгилүү актриса Калипа Усенова. Соода борборунда сатуучу болуп иштейт экен. Кийин менин киномду көргөндөр ошондогу актёрлорду чакырышып, бирок мага: «Бул актёр, актриса кантип кинодо роль жаратты? Таланты жок турбайбы, сиз кантип киного тарттыңыз?» — деп сурашты. А мен адамдын кандай мүмкүнчүлүгү бар, өзүнө коюп коём. Кандай болсо, ошону өзүмдүн сценарийиме ылайыктап көрөм. Кээде татаал роль болот, ага профессионал актёрлорду кабыл алам.

— Сиз мугалимсиз. Тарбиялап жаткан окуучуларыңыз барБолочок режиссёр биринчи кадамды эмнеден баштоосу зарыл?

— Билим – бул келечектеги өтө чоң курал. Мисалы, ач көз, терс мүнөз, коомго туура эмес көз караштагы адамдар билим алышат да, элди тонойт. Биз мамлекет башындагыларды «абдан билимдүү, башка өлкөдөн окуусун бүткөн экен» деп шайлап алабыз. Бирок анын адамдык сапатына маани бербейт экенбиз. Анан ал кийин ач көз болуп, мамлекетти тоноп кетет. Кино да — чоң курал. Аны менен коомду тазартасың же жаман жагына буруп кетесиң. Ошол үчүн балдарды тандаганда да мүнөзүнө карап, кийин коомго жакшы фильмдерди жаратса дейм. Дагы кошумчалай кетсем, кыргыздын жакшы нарк-насилдери бар. Балдарга: «Башка улутка окшобогон каада-салт, тилибизди жоготпогула. Буларды кармап кала турган силерсиңер», — деп көп айтам. Чыгармачыл адамдар негизи улутчул болушкан. Алар — улуттун баалуулуктарын чагылдыра тургандар.

Азыр ушундай таланттуу өсүп келаткан балдардын баары — менин окуучуларым. Кыргызстанда кыска метраждуу фильмдер менен чыгып жатышат. Мен сыймыктанып, мактанып да айта алам.

— Кино тармагынын абалы азыр кандай? Сизди канааттандырабы?

Биздин көкөйгө тие турган суроо экен. 2021-жылы 17-ноябрда Кыргыз киносу 80 жылдыгын белгиледи. Бийлик тараптан чоң үмүт кылдык. Бирок жардам болгон жок. 1982-жылы Кыргыз киностудиясы бүтүп, ишин баштаган экен. Ошондон бери ремонтко бир тыйын бөлүнбөптүр. Бир да жолу көңүл бурулган эмес. 1982-жылга чейин КПСС БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев келип, ар бир кинону кабыл алып кетчү. Союз кулагандан кийин президент эмес, маданият министри чанда  келет.

80 жылдыкта жогору жактан келет деп күткөнбүз. Спортсмендер кандай атак-даңк алып келсе, Кыргыз киносу да ошондой даража, даңк алып келет. Маданиятта кыргыз киносу эң алдыда, эң чоң сыйлыктарга жетип келе жатабыз. Тилекке каршы, көңүл бурулбай калууда.

Азыр жаштардын арасында жазуучу, догдур, артист, окмуштуу болом дегендер чанда. Көпчүлүгү спортсмен болуп, чемпиондукка жеткиси келет. Демек, өлкө башындагылар кайсыл жакка «приоритет» жасаса, эл ошол жакка оойт.

Таза коом каалашса, анда маданиятка, илимге басым жасап, жакшыртуу керек.

Кино жана театр режиссёру. Эки тараптын кайсынысы оор же тескерисинче, жеңил жана кызыктуу?

Театр кичине татаалыраак. Мисалы, кинодо оңой. Бүгүнкү ойногонуңду сактап каласың, ал эми театрда актёрлордун маанайына, көңүлүнө байланыштуу бүгүн башкача, эртең башкача ойнолуп калышы мүмкүн. Театр тирүү организм десем болот.

Бул тармакты да толугу менен реформалоо керек. Анткени азыркы учурдун көрүүчүлөрү, жаш балдар театрдан такыр алыстап кетишкен. Аларды күнөөлөй албайбыз. Театр тескерисинче, аларды өзүнө тартууга аракет кылышы керек. Ошолордун талабына ылайык спектаклдерди коюшу керек. Көрүүчүлөрдү келбейт деп күнөөлөбөшүбүз керек. Учурдагы курч, актуалдуу көйгөйлөрдү алып чыгып, элге көрсөтүшсө, театрдан адам үзүлбөй калат.

— Жашоодо кандай тобокелдиктерге баргансыз?

— Жаш кезде көп эле болсо керек. Мен өзүмдүн мүнөзүм боюнча көп олку-солку боло бербейм. Армиядан келгенден кийин 30 рубль менен Москвага окуйм деп кетип калгам. 1992-жылдары Францияга бардым. Ал убакта чек аралар жаңы ачылып жаткан. Москвадан эл аралык паспорт алып, андан ары кетип калгам. Менин кызыгуум же койгон максатым тобокелге алып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM