Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов муфтий Замир Ракиев менен жолугушту

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 336 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов муфтий Замир кары Ракиев менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу баарлашуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов мамлекет жетекчилиги муфтият менен мамилеге өзгөчө маани берерин жана өлкөдөгү салттуу ислам дининин туура нукта өсүүсүнө муфтияттын орду чоң экенин билдирди.

Азирети муфтий муфтияттын ишмердиги жана өлкөдөгү диний абал боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарына маалымат берди. Муну менен катар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, терс агымдардын алдын алуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.

Булардан тышкары конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо, диний чөйрөдөгү кызматташуунун актуалдуу маселелери жана диний окуу жайлардын абалы талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM