Биз менен байланышыңыз

Мамкурулуш: 2021-жылы Баткендеги курулуштарга 505 млн сом сарпталды

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 231 | 0

2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Баткен облусу боюнча 23 социалдык объекттин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан республикалык бюджеттин эсебинен 46 социалдык мекеменин имаратын курууга жана капиталдык оңдоп-түзөөгө 505 млн сом сарпталган.

Бүткөрүлгөн 23 имараттын ичинде 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен жана Лейлек райондорундагы 5 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП бар. Ошондой эле авариялык мектептердин ордуна 2 мектеп Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен курулуп, пайдаланууга берилди.

Учурда агенттик тарабынан 2022-жылдын республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин тизмесине, Баткен облусу боюнча 44 социалдык объект сунушталды. Анын ичинен 29 курулуш объектиси, 7 капиталдык ондоп-түзөө объектиси жана 8 ичүүчү суу менен камсыздоо иштери кирген. Бул иштерди бүткөрүүгө жалпысынан 1 млрд 480 млн 300 миң сом керектелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM