Биз менен байланышыңыз

Лукашенко: Орто Азиянын үч өлкөсү Орусияга кайра биригет

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 809 | 0

Беларусь президенти Александр Лукашенко Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан 15 жылдан кийин Орусия жана Беларусь менен союздук мамлекетке кирет деген ишеничте. Ал мындай пикирин орусиялык журналист Владимир Соловьевге берген маегинде билдирди.

Лукашенко Орусия жана Беларустун союздук мамилелери бюнча берилген суроолорго жооп берип жатып, жакынкы жылдарда бул бирикмеге мурдагы СССРдин кээ бир өлкөлөрү кошула турганын айтты.

«Билесизби, Беларусь ал союзда буга чейин эле бар. Мен Казакстан үчүн жакшы сабак болду деп ойлойм (январдагы болуп өткөн нааразылык акциялары — ред). Эгер сиз алдыдагы 15 жылдык тууралуу сурай турган болсоңуз, мен Украинанын да кошуларына ишенем… Эгерде биз ката кетирбесек», — деп кошумчалады ал.

Лукашенконун айтымында, бул үч мамлекеттин биригүү процессине башка өлкөлөр да кошулат.

«Армениянын бара турган жери жок. Алар кимдир бирөөлөргө керек деп ойлойсуңарбы? Алар буга чейин көрөрүн көрүшкөн. Азербайжан бул курамдан чыгарылды. Анткени биз анда көп ката кетирдик жана Түркия абдан олуттуу колдоо көрсөтүп жатат. Ал эми Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан биринчи кезекте экономикалык муктаждыктан улам кошулат деп ойлойм», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM