Connect with us

Аймактык башкарууну жакшыртууга мыйзамдын көптүгү жолтоо болобу?

Экономика | 8 Фев 2022 | 970 | 0

Аткаруусу милдеттендирилген мыйзамдардын көптүгү жергиликтүү бийлик органдарына түйшүк жаратууда. Тактап айтканда, муниципалдык кызматкерлер 160ка чукул мыйзам менен иштеши керек. А бирок аларды иштетүүгө каржы булактары дайым эле жетише бербейт. Бул да өзүнчө көйгөй жаратат. Адистер чогулган салыктын 50%ы аймактарда калса, көйгөй чечилмегин айтышат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар (ЖӨБ) союзу тарабынан 500гө чукул мыйзам талданып, айыл аймактар 158 мыйзамдын алкагында иш алып барары белгилүү болгон. Бул жергиликтүү муниципалитеттердин абалын оорлотуп, ишти майнаптуу аткарууга тоскоолдук жаратат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар союзунун төрагасы Бектурган Орозбаев жүктөлгөн милдетке жараша каржылык жагы да жетиштүү болушу керектигин айтат.

«Мына биз мыйзамдарга анализ ревизия жасаганыбызда 158 мыйзам менен айыл өкмөтү же мэрияларга «муну жасасын же тигини жасасын» деген ыйгарым укуктар жүктөлүп калган. Бул — өтө көп. Мисалы, бир министрлик 5-6 мыйзам менен иштесе, айыл өкмөттөр 158 мыйзамды билиши керек. Бул үчүн өтө көп окутуу зарыл, күчтүү адистер керек. Ар бир мыйзамды аткаруу үчүн каражат да керек. Ал кантип аткарылат, каражатты кайдан алат? Мына азыр республикалык бюджет өсүп жатат, бирок жергиликтүү бюджеттердин өсүү темпи токтоп калды. Муну да кароо керек».

Учурда өлкөдө 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бар: анын 32си шаар бийлиги, 452си айыл аймактар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар союзу – жергиликтүү муниципалитеттердин башын бириктирип, кызыкчылыгын коргогон бирден бир бирикме. Ал 1996-жылдан бери иш алып барат.

Республикалык бюджетти түзүүдө жана кабыл алууда ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктары жана керектөөлөрү эске алынбайт. Тактап айтканда, жергиликтүү бюджеттин көлөмү республикалык бюджеттин 10%га жакынын гана түзөт.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууда бюджетке түшкөн салыктын 50%ы ошол аймакка калса туура болот деп эсептейт. Муну менен аймактардагы социалдык обьекттерди оңдоп-түзөө иштери жеңилдемек.

«Салык кызматында да көп маселе бар. Салыкты жергиликтүү кызматкерлер чогултат. Бирок республикалык бюджетке көбүрөөк кетет. Салыктарыбыз тең бөлүнбөй жатат. Көп нерсени биз, жергиликтүү муниципалитеттер, өзүбүз чечип жатабыз, ошол акчаларды инфраструктураны, социалдык обьектилерди оңдогонго жумшамакпыз да. Мунун баары республикалык салыкка кетет. Ал жактан кайра субсидия болуп суралып келүүдө».

Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кээ бир кызматтык штаттарды ачууну демилгеледи. Муну менен жергиликтүү бийликтин ишин жакшыртуу мүмкүн деген үмүттө.

«Салыкты чогултуудагы штаттар бирден же экиден эле болуп калган учурлар бар. Ошол эле башка багытта иш алып барган штаттык бирдиктер үчтөн-төрттөн болуп калган. Ушунун баарын карап, дагы сунуш киргизип жатам. Менимче, сметчик, долбоорлоочу дегендерди штаттарга киргизүү керек. Ал — бюджет менен иштөөдө акчанын мыйзамдуу жолун таап, түйшүк жаралбашы үчүн зарыл. Муну карап, талкууга алып чыгабыз».

Жыйындын соңунда мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. Алар 2022-жылдын 1-июнуна чейин комитетке иштин жыйынтыгы боюнча маалымат бериши керек.

Copyright © 2017 Maral FM