Биз менен байланышыңыз

Сатышов: Мыйзамсыз курулуштарга 2,4 млн сом айып салынды

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 287 | 0

2021-жылы курулуштарга 669 текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалымдады.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бузуулар боюнча 223 протокол түзүлүп, 2 млн 435 миң 700 сом айып салынган. Мындан сырткары уруксатсыз салынып жаткан 139 имарат (86сы турак-жай) табылган.

«Бул багытта аныкталган кемчиликтер боюнча тийиштүү чаралады көрүү үчүн ай сайын прокуратура органдарына кайрылуулар жөнөтүлүп турду», — деди Сатышов.

Сатышов ошондой эле Мамлекеттик архитектуралык курулуш көзөмөлдөө кызматын өзүнчө департамент кылып түзүү пландалып жатканын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу системасы борбордук аппараттан, 6 ведомстволук мекемеден жана 54 аймактык башкармалыктан турат. Аларда жалпысынан 1825 кызматкер эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM