Биз менен байланышыңыз

Түркиянын президенти үчүнчү мөөнөткө да талапкер болот

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 519 | 0

Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайип Эрдоган 2023-жылы өтө турган президенттик шайлоодо «Элдик альянс» партиясынан талапкер болот. Бул тууралуу партия мүчөсү Девлет Бахчели «Твиттер» баракчасына жазды.

Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы (Ак партия) менен Улуттук кыймыл партиясы биргелешип, «Элдик альянс» партиясын түзгөн.

«Биздин президенттикке талапкерибиз белгилүү, ал — Режеп Тайып Эрдоган. 2023-жылдын июнь айындагы шайлоодо Эрдоган мырзанын чоң айырма менен жеңишке жетерине ишенем», — деген Бахчели.

«Үчүнчү ирет президенттик шайлоого барууга мыйзам жол бербейт» деген кара пиар жүрүп жатканын белгилеген Бахчели: «Эрдоган президенттик системанын биринчи президенти. Анын кайра талапкер болушуна эч кандай тоскоолдук жок. Президенттин эң аз үч мөөнөткө шайлануусу үчүн зарыл болгон мыйзамдык даярдыктарды көрүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз», — деп кошумчалаган.

Режеп Тайып Эрдоган бийликке 2003-жылы премьер-министр катары келген. Ал убакта Түркия парламенттик башкаруу системасында эле. 2014-жылы биринчи жолу жалпы элдик добуш берүү аркылуу өткөн шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган президент болуп шайланган.

2018-жылы Түркияда 1923-жылдан, тагыраагы, Мустафа Кемал Ататүрктүн доорунан бери өкүм сүрүп келген парламенттик башкарууну элдик референдум аркылуу жоюп, андан соң жаңы Конституциянын негизинде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүп, шайлоочулардын 52,5% добушун алуу менен кайрадан такка отурган. Ушул күндөн тарта өлкө толук бойдон президенттик башкаруу системасына өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM