Биз менен байланышыңыз

Унутчаактыктан кантип арылса болот?

Блог | 8 Фев 2022 | 722 | 0

Эгер унутчаак же эс тутумуңуз начар болсо, адистер тарабынан сунушталган төмөнкү кеңештерди жасап көрүңүз:

     1. Бир ишти жасаганыңызды үн чыгарып айтып коюп туруңуз

Мисалы, үйдөн чыгып жатканда «газды текшердим, светти өчүрдүм, үтүктү карадым, эшикти бекиттим…» деген сыяктуу кылып, өзүңүзгө отчёт бериңиз. Бул нерсе маалыматты мээде бекемирээк сактоого жардам берерин окумуштуулар аныкташкан. «Анткени ар бир айткан кебиңиз менен жасаган ишиңиз мээге сигнал берип турат», — дешет алар.

    2. Уктаар алдында бир күн кечке кылган ишиңизди эске түшүрүңүз 

Уктаар алдында эртеден кечке эмне кылганыңызды эске түшүрүңүз. Эртең менен ойгонгондо кечинде пландап жаткан иштериңизди, эмне ойлогонуңузду эстеңиз. Жумушка келгенде же үйдө ким эмне жасаганын эстеп калууга аракет кылыңыз. Бул эс тутумга жакшы көнүгүү болуп эсептелет.

Оозеки эстөө кыйын болсо, жасай турган иштериңизди жазып алыңыз.

     3. Пландаган ишти дароо жасаңыз 

Ар бир ишти өз убагында жасаңыз. Кимдир бирөөгө телефон чалуу керек экенин эстедиңизби, дароо чалыңыз. Ойго бир нерсе келдиби, дароо аткарып коюңуз.

      4. Кол менен көбүрөөк жазыңыз 

Жазуу иштери менен көбүрөөк алектениңиз. Атайын дептер ачып, күндөлүк же дагы ушул сыяктуу нерселерди кагазга түшүрүп туруңуз. Укканга же көргөнгө караганда, жазган нерсе эсте көбүрөөк калары далилденген.

Анан да компьютер менен эмес, кол менен жазганды адатка айландырыңыз. Бул да эс тутумга жакшы таасир этет.

       5. Мээдеги «таштанды» ойлорду тазалап салыңыз 

Учуру өтүп кеткен, артка кайтарууга мүмкүн болбогон жагдайларды таптакыр эстен чыгарып койгон да туура болот. Дегеле, мээни керексиз, пайдасыз ойлордон арылтыңыз. Ошол эле учурда маалыматты иргеп алыңыз. Пайдасыз маалыматтар мээге күч келтирип, эс тутумду начарлатат.

       6. Акыл-эсти машыктырып, көнүгүү жасатып туруу керек 

Булчуң чыңап машыккан сыяктуу эле акыл-эске да көнүгүү жасатып туруу керек. Маселен, китеп окуу, шахмат ойноо, кроссворд же сканворд чечмелөө, кооз жайларга саякат жасоо, дагы ушул сыяктуу иштер эс тутумду жакшыртууга өбөлгө түзөт.

7. Зарыл маалымат менен таанышкандан кийин 10 мүнөт эс алыңыз

Кайсы бир зарыл маалыматты эсте жакшы сактап калуу керек болсо, ал маалыматты алган соң же окуган соң, 10 мүнөткө тыныгуу жасоо керек. Бул убакыт аралыгында керектүү маалыматтан башка маалыматты кабыл албоого аракет кылгыла: телевизор көрбөгүлө, китеп окубагыла, социалдык тармактарга кирбегиле. Окумуштуулардын айтымында, бул ыкма маалыматты узак убакыт эстеп калууга 10% жардам берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM