Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Кытай: Темир жол куруу кыялы дагы кечеңдеди

Экономика | 7 Фев 2022 | 2305 | 0

Президент Садыр Жапаров 6-февралда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, анда эки тарап тең «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууга кызыкдар экенин билдиришти. Бирок долбоорду ишке ашыруу маселеси козголгон жок. Кол коюлган келишимдердин тизмесинде да бул долбоордун аты аталбады. 

Көп жылдан бери сөз болуп, бирок ишке ашпай жаткан темир жол куруу долбоору бул жолу Бээжинде сөз болду. «Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Кыргызстандын презденти Садыр Жапаров сүйлөштү» деген маалыматта бул долбоор учкай гана айтылган. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев Кытай мамлекети темир жол куруу долбоорун толугу менен колдоп жатканын айтып, алдыда аткарыла турган иштерди атады.

«Темир жол негизги суроолордун бири болчу. Бул боюнча пикир алмаштык. Алар негизинен бул долбоорду толугу менен колдоп жатышат. Экинчиден, биз кандай иш алып барабыз, каржылоо, кандай маршрут менен, ошонун баарын айттык. Эми эки тараптан эксперттердин деңгээлинде иштер жүргүзүлөт. Менин оюмча, бул иш да алдыга жылат».

Кытайдын Борбор Азия боюнча эксперти Нива Яу «Твиттердеги» баракчасына Кытай тарап темир жол боюнча эч кандай милдеттенме албаганын, алгач Кыргызстан бизнес чөйрөсүнө жагымдуу шарттар түзүшү керектигин жазды.

Кыргыз-кытай мамилелери боюнча эксперт Бакдөөлөт Токтогулов кытай тарап темир жол боюнча чындап эле эч кандай милдеттенме албаганын айтып, жолугушууну жөн гана дипломатиялык маанайдагы сүйлөшүү катары баалады. Эксперттин пикиринде, долбоор боюнча конкреттүү аракеттердин жасалбай жатышына Кытайдын Кыргызстанга карата бир катар талаптары себеп болушу мүмкүн.

«Милдет эч ким алган жок, кагаз бетинде да жок. Бул жолугушуу жөн гана дипломатиялык сүйлөшүү болуп, 30 жылдык мамилелер талкууланды. Каржы маселеси да ачык бойдон калды. Мисалы, кайсы тарап каржылайт, банкпы, же кытай, кыргыз, өзбек биргелешкен ишкана түзөбү, так маалымат жок да. Дагы бир нерсени кошуп кетсек болот, Кытайдын Кыргызстанга ич ара талаптары бар: маселен, бизде иштеп жаткан кытай ишканаларынын, инвестициялардын коопсуздугу боюнча. Биздин өкмөт бул жактан көп иш жасашы керек».

Кытай таануучу, саясатчы Сейтек Качкынбай Кыргызстан так келишим болбогонуна карабай, бул жаатта иштерин дагы уланта бериши керек деген ойдо. Ал Президенттин алдында темир жол боюнча атайын комиссия түзүп, иш алып барылса, жемиштүү болоруна ишенет.

«Эми бул жерде кол койбой койду деп президент духун түшүрбөө керек. Иш токтоп калбашы керек. Экономикалык либерал көз караштагы биздин уюмдар, ишкерлер, коомдук ишмерлер, саясатчылар менен иштешүүнү токтотпой, жанына да күчтүү балдарды алып, «Темир жолду колдоо» деген сыяктуу бир комитетпи же демилгечил топпу, айтор, президенттин алдында мекеме түзүп, ошолор менен ай сайын кеңешип, макулдашып, ишти уланта бериши керек».

Буга чейин кээ бир экономисттер: «Эгерде темир жол салынса, транспорттук чыгымдар азайып, кытай товары кыйла арзандап, ата мекендик өндүрүүчүлөрүбүз чоң соккуга учурайт», — деген тынчсызданууларын билдирип келишкен.

Жүк ташуучулар биримдигинин төрагасы Темирбек Шабданалиев ага эч кандай негиз жок деп эсептейт. Себеби Кыргызстанда дээрлик өндүрүш жок. Болсо да биздин товарлар сырткы товарларга атаандаш боло албайт. Кыргыз экономикасынын келечеги кызмат көрсөтүү тармагында экенин белгилейт ал.

«Биз өндүрүштү өнүктүрө албайбыз. Биз ошол кызмат көрсөтүү багытында ишти жакшы алып барабыз. Кыргыз менталитети ошого ылайыкташкан. Ошону, туризмди өнүктүрө беришибиз керек. Кытайдын соодасына көмөктөшүп, андан пайда табышыбыз керек. Жанагы экономисттердин айтканы туура эмес. Биздин өнөр жай тармагында өндүрүлгөн көлөмдүү продукция жок. Анан кайсыны айтабыз? Биз «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу аркылуу, тескерисинче, өнүгөбүз. Ошондуктан биздин президент абдан чоң, туура иш жасап жатат».

Эксперттер кытай-кыргыз-өзбек темир жолун жалпы Борбор Азия үчүн экономикалык-стратегиялык мааниси чоң экенин айтышат. А бирок 20 жылдан ашуун убакыттан бери сөз жүзүндө гана калып келет. Бул жолу Кыргыз Өкмөтү темир жолду куруу боюнча тиешелүү документтердин бардыгын Кытай тараптын кароосуна жөнөткөнүн маалымдашты.

Copyright © 2017 Maral FM