Биз менен байланышыңыз

Москвада кыргыз жараны жаш баланы ажалдан алып калды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 509 | 0

Москвадагы «Внуково» аэропортунда кыргыз жараны тамагына оюнчук тыгылып калган жаш баланы ажалдан алып калды. Бул тууралуу түрк блогери Фатих Копаран өзүнүн «Твиттер» баракчасына жазды.

Копарандын айтымында, кыргыз жаран баланы Геймлих маневрин (курсакка басым) жасоо менен куткарып калган.

«Мен аябай алыста болчумун. Кыйкырык ушунчалык катуу болгондуктан аэропортто террордун кол салуусу болду го деп ойлодум. Баланы апасы жулкулдатып жатты. Кыргыз жигит чуркап келип, Геймлих маневрин жасап, куткарып калды. Бул менин жашоомдогу тарткан эң сонун сүрөт боло алат. Мен өмүрүмдө мынчалык корккон эмесмин. Тилдерин билбегендиктен ал жерде эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Бир гана аңдаганым: кыргыз жигит болбогондо бала өлүп калмак», – дейт блогер.

Блогер баланы куткарып калган жигитти сүрөткө тарта албай калганын, кийинчерээк окуя болгон жерге аэропорттун медицина кызматкерлери келишкенин кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM