Биз менен байланышыңыз

Эверест чокусундагы мөңгүлөр эрип жатканын окумуштуулар аныкташты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 395 | 0

Окумуштуулар климаттын өзгөрүшү Эверест чокусундагы мөңгүлөрдү эритип жатканын аныкташты. Бул тууралуу «Би-Би-Си» маалымат агенттиги жазды.

Иликтөө учурунда 2 миң жыл мурунку мөңгү 1990-жылдан бери акырындан желип отуруп, учурда таптакыр калбай калганы белгилүү болгон.

Буга чейин мөңгүлөрдүн эрип кетүүсү кеңири иликтенип келгени менен аба ырайынын өзгөрүүсү дүйнөдөгү эң бийик чоку Эвересттеги мөңгүлөргө таасир этери каралбай келген. Буга байланыштуу 10 окумуштуудан турган экспедициялык топ чокудагы мөңгүлөрдү иликтөө үчүн эки метеостанция орнотушуп, 32 фут (10 метрге жакын) муз өзөгүнөн үлгүлөрдү алышкан.

Гималай тоо кыркаларындагы мөңгүлөр миллиондогон адамды суу менен камсыздап, миңдеген гектар жерди сугарат. Эгер алар эрип кетсе, дүйнөнүн үчтөн бири кургакчылыктан кырылып калышы ыктымал. Аны менен катар алпинисттерге да көйгөй жаралып, келечекте экспедиция жасоону кыйындатышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, өткөн жылы франциялык изилдөөчүлөр тобу дүйнөдөгү мөңгүлөр тездик менен эрип жатат деген жыйынтыкка келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM