Connect with us

COVID-19: 162 адам илдетке кабылып, 3 адам каза тапты

Кыска кабар | 5 Фев 2022 | 228 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб 5-февралга алынган маалыматта 162 адамдан коронавирус аныкталганын билдирди.

Алардын 92си Бишкек шаарынан, 42си Чүй облусунан, 9у Ысык-Көл облусунан, жетөө Жалал-Абад облусунан, бешөө Нарын облусунан, төртөө Баткен облусунан, экөө Ош шаарынан, бирөө Талас облусунан катталган.

Ошол эле учурда акыркы суткада 385 адам илдеттен сакайып чыгып, 3 бейтап каза тапкан.

Учурда 913 бейтап ооруканаларда, 3 миң 609 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 326 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 190 миң 368 бейтап айыгып чыгып, 2 миң 899 адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM