Биз менен байланышыңыз

Парламенттик кайра шайлоонун үгүт иштери качан башталары айтылды

Кыска кабар | 5 Фев 2022 | 613 | 0

№ 27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катыша турган талапкерлердин үгүт өнөктүгү 7-февралда башталып, 26-февраль саат 8:00дө токтотулат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат бөлүмү билдирди.

Айтылган маселе боюнча БШК талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө атайын тренинг өткөзүп, шайлоонун жүрүшү, эрежелери туурасында маалымат берди. Ошондой эле талапкерлерге «5-канал» телеканалы 30 мүнөттүк акысыз эфир берери белгилүү болду. Андан тышкары майып жарандарды да шайлоого тартуу үчүн үгүт материалдарды ыңгайлаштырып берүү, атап айтканда, баракчаларды чоңойтулган арип менен, Брайл ариби менен жазуу, видеоматериалдарда сурдокотормону же субтитрди пайдалануу сунушталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы эки округда өтө турган кайра шайлоого Биринчи Май округунан 28, Свердлов округунан 25 талапкерди каттаганын жарыялады.

Айта кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо эки округдан «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо белгиленет. Шайлоо 27-февралда болот.

Copyright © 2017 Maral FM