Connect with us

«Быйыл мөңгүлөрдү сактоого өзгөчө көңүл бурулат»

Коом | 4 Фев 2022 | 1475 | 0

Кыргызстанда 2022-жыл «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланды. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, соңку 50 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 17%га чейин кыскарган. Адистер бул жарлык убагынан кеч кабыл алынганын, бирок мөңгүлөрдү сактоо боюнча аракетти токтотпоо керектигин айтышат. Өкмөт 1-мартка чейин Тоо жылын өткөрүүнүн жол картасын иштеп чыгып, бекитиши керек.

Тоолорду коргоо боюнча Кыргызстандын көтөрүп чыккан демилгесин 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары бир добуштан колдогон.

Президенттик администрациянын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов жылды «Тоолордун экосистемасын коргоо» деп белгилөөнүн маанисине мындайча токтолду:

— Азыркы күндө климат өзгөрүп жатат, мөңгүлөр эрип жатат. Демек, мөңгүлөрдүн мааниси абдан актуалдуу болуп калды. Кыргызстандын мөңгүлөрү Кыргызстандын эле эл-жерине тургай, бүтүн Борбор Азияга маанилүү болуп турат. Ошондуктан мөңгүлөрүбүздү сактайлы, коргойлу деп ушул жылы чоң иш-чаралар пландаштырылып жатат. Ошол үчүн президент быйылкы жылды «тоону, экосистеманы коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыялады.

Климатка кам көрүү Кыргызстан Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленип, 1-мартка чейин Тоо жылын өткөрүүнүн жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырмасы берилген. Анда айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү мерчемделет.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдында эксперттерден, илимпоздордон турган атайын комиссия түзүлөт. Бул тууралуу министр Динара Кутманова айтты.

— Биз кандай изилдөөлөр бар, баарын чогултканга аракет кылып жатабыз. Анан биздин министрликтин астында илимий-техникалык кеңеш ачканы турабыз. Ошо жерге эксперттерди, илимдин кандидаттарын, докторлорду чогултуп, сунуштарын угалы деп жатабыз. Ар кимдин өзүнүнүн багыты бар да. Алар менен биргеликте иш жүргүзүү планыбызда бар.

Улуттук илимдер академиясынын бийик тоолуу Тянь-Шань илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов бул чечим кеч кабыл алынып калганын айтат. Анын пикиринде, тоолордун экосистемасын коргоо боюнча аракеттер эгемендик алгандан тартып эле башталышы керек болчу.

— Бул кеч кабыл алынды. Мурда эле, суверинитетти алган күндөн баштап кабыл алынышы керек эле. Бүгүн кабыл алынып жатканын да эң туура деп эсептейм. Себеби кеч болсо да кабыл алынды. Бийик тоолуу аймактагы мөңгүлөрүбүзгө жана бийик тоолуу жайыттарыбызга аялуу мамиле кылбасак, анын кесепетин бир нече жылдан кийин тартабыз. Эсиңиздеби, Совет мезгилинде абдан көп коюбуз болуп, бийик тоолуу жана ортоңку аймактагы бардык жайытыбыз бүлгүнгө учурап, кийин гана мал азайганда ордуна келгени?

СССР  Илимдер академиясынын 1976-жылы жарыялаган 22 томдук каталогунда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 8076 чарчы чакырым деп көрсөтүлгөн. Изилдөөгө ылайык, соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга кыскарып кеткен. Гляциологдор: «Алдыдагы 50 жылда майда мөңгүлөр эрип жоголуп, чөлкөмдө кургакчылык болот», — деп байма-бай эскертишүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM