Биз менен байланышыңыз

Жо Байден: Курайшинин өлүмү дүйнөдөгү чоң террордук коркунучту жоготту

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 431 | 0

АКШ Сириянын түндүгүнө жүргүзгөн рейдде «Ислам мамлекетинин» жол башчысы менен жогорку мансаптуу өкүлү өлтүрүлгөн. Бул тууралуу  «Би-Би-Си» маалымат агенттиги жазды.

Абу Ибрахим ал-Хашими ал-Курайши жашынып жүргөн жерин атайын күчтөр курчоого алганда, ал өзүн жана үй-бүлөсүн жардырып салган.

Окуя боюнча АКШнын президенти Жо Байден маалымат берип, «Курайшинин өлүмү дүйнө жүзүндөгү чоң террордук коркунучту жоготту», — деди.

Маалым болгондой, Ислам мамлекетинин каза болгон дагы бир өкүлүнүн ысымы айтылган жок. Бул маселе боюнча ИМ азырынча билдирүү жасай элек.

Рейд оппозициялык күчтөрдүн көзөмөлүндө турган Атмех жергесинин чет жакасындагы үч кабат үйдө болгон. Атмех жергеси түндүктөгү Идлиб провинциясына карайт жана Түркиянын чек арасына жакын жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM