Биз менен байланышыңыз

Жеки Чан Бээжинде Олимпиада отунун эстафетасына катышты (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 332 | 0

Голливуддун супер жылдызы Жеки Чан «Бээжин-2022» кышкы Олимпиада отун өткөрүп берүүгө (эстафета) катышты. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазды.

Жеки Чан эстафетанын экинчи күнүндө ардактуу коноктордун катарында Улуу Кытай дубалынын үстүнөн Олимпиада отун көтөрүп келди. Аны Кытайдын Олимпиада чемпиондору жана медалчылары тосуп алышты.

«Мен таңкы саат төрттө ойгондум. Бул менин төртүнчү Олимпиадам. Мен абдан бактылуумун. Мен да үшүп кеттим!» – деген актёр дубалды бойлой чуркап барып.

Кийинчерээк факел олимпиадалык мелдештердин көбү өтө турган Хэбэй провинциясындагы Чжанцзякоу шаарына жеткирилет. Өткөрүп алуу ачылыш аземинде Олимпиада отунун жагылышы менен аяктайт.

Бээжин кышкы Олимпиадасы 4-февралдан 20-февралга чейин, ал эми Паралимпиада 4-13-мартта өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM