Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлгө салынган мектептен 3 млн сом өөнөп алгандар кармалды

Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 430 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көл облусундагы мектептин курулушунан 3 млн сом өөнөп алгандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Суу районундагы У. Калиев атындагы Чолпон орто мектебине 225 орундуу жаңы имарат салуу үчүн «А.С.» жана «Т.К.» ЖЧКсы менен 62 млн 296 миң 778 сомго келишим түзгөн. Жаңы мектеп 2018-жылдын октябрь айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Имараттын курулушу боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы жүргүзгөн иликтөөдө капиталдык курулуш башкармалыгы курулуш компаниялары менен тымызын сүйлөшүп, имараттан 3 млн 224 миң 493 сом өөнөп алышканы аныкталган.

Айтылган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү кымырып алуу), 346-беренеси (документ жасоо) менен иш козголуп, тергөөгө берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM