Биз менен байланышыңыз

«Талибан» Казакстандагы тополоңго тиешеси жок экенин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 277 | 0

«Талибан» өкмөтү «Казакстандагы тополоңго Ооганстандын радикал топтору да катышкан болушу мүмкүн» деген дооматтарды четке какты. Бул тууралуу маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Мужахид «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Бир катар маалымат каражаттары орус бийликтерине шилтеме жасап, Казакстандагы башаламандыктарга айрым ооган жарандары да катышканын жазышууда. Биз мындай дооматтарды кескин четке кагабыз. Ооганстан Ислам Эмираты башка мамлекеттердин иштерине кийлигишүүгө жол бербейт жана буга эч кандай далил жок», — деди кыймылдын өкүлү.

Ошондой эле талибдер башынан «Казакстандагы көйгөйлөрдү акылга сыярлык тынчтык жолу менен чечүүгө» чакырганын эске салып, Ооганстандын башка өлкөлөргө эч кандай коркунучу жок экенин дагы бир ирет белгиледи.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы башаламандыктарга Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Ооганстандан жана Жакынкы Чыгыштан келген чет элдик террорчулар катышып жатканын билдирген.

Казакстанда 2-январдан тарта автогаздын кымбатташына байланыштуу митингдер башталып, өкмөт отставкага кеткен. Бирок нааразылык акциялары токтобой, анын соңу башаламандыкка, андан соң Алматы шаарын талап-тоноого алып келген. Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилип, президент Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУ тарыхта биринчи жолу өлкөдөгү тартипти орнотуу үчүн өзүнүн бейпилдик күчтөрүн Казакстанга киргизген. 13-январда президент өлкөнүн көпчүлүк аймактарында антитеррордук операция аяктаганын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM