Биз менен байланышыңыз

Замирбек Базарбеков Жогорку Соттун төрагасы болду

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 203 | 0

Замирбек Базарбеков Жогорку Соттун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Конституцияга ылайык, Замирбек Базарбеков бул кызматты 5 жылдык мөөнөткө аркалайт.

Замирбек Базарбеков 1957-жылы Токтогул районунда туулган. Буга чейин Ак-Суу райондук прокуратурасында тергөөчү, Ысык-Көл облустук прокуратурасында улук тергөөчү, Өкмөттүн аппаратында референт, Жогорку Соттун даттануулар жана кайрылуулар бөлүмүндө башкы кеңешчи, Сузак райондук сотунда судья, Ак-Суу райондук сотунда төраганын орун басары, Каракол шаардык сотунда төраганын орун басары, Ысык-Көл облустук адвокаттар коллегиясында жактоочу, Балыкчы шаардык сотунда судья, төрага, Сотторду тандоо кеңешинде мүчө, төрага, Чүй облустук адвокаттар коллегиясында төрага, Соттор кеңешинин тартип комиссиясында төрага, Президенттин администрациясынын соттук реформа жана мыйзамдар бөлүмүндө жетекчи кызматтарын аркалаган.

Буга чейин аталган кызматта эмгектенген Нургүл Бакирова кызматтан кетүү боюнча арызды 31-январда өз эрки менен жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM