Биз менен байланышыңыз

Швеция Украинага 5,5 миллион доллар жардам көрсөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 364 | 0

Швеция Улуу Британия, АКШ, Канада жана Швейцария менен биргеликте түзүлгөн «Туруктуулукту чыңдоо» фондунан Украинанын түштүк-чыгышына 50 миллион швед кронун (болжол менен 5,5 миллион доллар) бөлөт. Бул тууралуу Королдуктун Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Украинанын Туруктуу өнөктөштүк фондуна 50 миллион крон которуу менен биз Швециянын Украина менен тилектештигин, анын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн айныксыз колдоосун дагы бир жолу көрсөтөбүз», — деди кызматташтык министри Матильд Эрнкранст.

Анын айтымында, фонд Украинанын «түштүк-чыгыштагы орус агрессиясына туруштук берүү» жөндөмүн күчөтүү, мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу, диалогду жогорулатуу жана экономиканы инклюзивдүү өнүктүрүүгө салым кошуу максатында түзүлгөн.

Швециянын Тышкы иштер министрлиги кошумчалагандай, Украина королдуктан эң көп жардам алуучу өлкө болуп саналат. Жыл сайын Швеция Королдугу Чыгыш Европадагы реформалар үчүн 240 миллион швед кронун (25 миллион доллардан ашык)  бөлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM