Биз менен байланышыңыз

«Алтын куймаларын сатуу инфляцияны ооздуктайт»

Экономика | 2 Фев 2022 | 889 | 0

Улуттук банк 1-февралдан тарта өлкөнүн ички рыногуна аффинаждалган алтын куймаларын сатыкка чыгарды. Улуттук банк муну менен ички рынокто баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүнү жана ага байланышкан операцияларды кеңейтүүнү максат кыларын билдирди. Бирок Кыргызстанда сатыкка чыккан алтындын баасы дүйнөлүк баадан кымбат экени айтылууда. Эксперттердин бир тарабы алтындын сатыкка чыгуусу экономикалык инфляцияга тоскоол дешсе, кээ бири инфляциялык процесстер улана берерин айтышууда. 

Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10900 граммдан 13400 граммга чейинки салмакта даярдалган. Куйма 99,95 пайыз таза металлдан турат. Ири алтын куйманын сатыктагы баасы ар бирине өзүнчө белгиленет. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева алтын куймасын сатыкка чыгаруунун максатын төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Аффинаждалган алтын куймаларды сатуунун эң негизги максаты Кыргыз Республикасынын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүгө жана баалуу металлдар менен болгон операцияларды кеңейтүүгө багытталган. Бул куймаларды жеке жарандардын да, юридикалык жактардын да сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар».

Улуттук банк 2015-жылы 1 граммдан 100 граммга чейинки алтын куймаларын сатууну баштаган. Ири алтын куймаларын сатыкка чыгаруу иши ушунун эле уландысы экенин банктын өкүлү кошумчалады.

Экономист Чынгыз Макешев Улуттук банктын бул аракетин колдойт. Анын пикиринде, мындай чечим — инфляцияны ооздуктай турган макроэкономикалык курал. Ошол себептен бул — өз убагында кабыл алынган туура чечим.

«Муну экономикада «дедолларизация» дейт. Акчасы барлар валютанын куну өйдө-төмөн болгондо доллар сатып алат. Доллар көп сатылып алынса, экономикада инфляция болуп кетет анда. Доллар өсүп кетсе, тыштан келген товарлардын баасы көтөрүлөт. Ошондуктан долларга басым жасалып, инфляция жаралбашы үчүн альтернативалуу курал алтын болуп саналат. «Акчасы барлар доллар сатып албай, алтын сатып алсын» деген ыкма. Бул эки жагынан пайдалуу. Алтын инфляцияга тоскоолдук кылат».

Буга чейин акчанын кунун алтын менен бекемдөө жолу практикада кеңири колдонулуп келген. Бирок соңку учурда дүйнөлүк экономикада алтындын наркы түшүүдө. Эксперттер соңку мезгилде алтынга салыштырмалуу инновациялык продуктулар экономикага чоң таасир этип жатканын айтышат. Ошол себептен алтын валютаны бекемдөөчү курал катары таанылбай калды.

«Улуттук бизнес ассоциациялар» альянсынын жетекчиси, экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, алтынды сатыкка чыгаруу экономикага чоң өзгөрүү алып келбейт. Аны менен катар инфляциялык процесстер улана берет.

«Бүгүнкү күнү алтын — бир гана улуттук валютанын наркын сактаганга же анын инфляциясын азайтканга жардам берүүчү курал. Бул эмнени билдирет? Бул: «жалпысынан чоң өзгөрүүлөр болуп кетпейт» дегенди билдирет. Инфляциялык процесстер ошондой эле кайталана берет. Алтын өзү эл аралык соодада баалуулугун жоготуп баратат. Жакынкы келечекте алтынга таянган валюталардын баасы төмөндөйт».

Кыргызстанда учурда зергерлик менен алектенген 30дан ашуун ишкана бар. Зергерлер бул күнгө чейин баалуу металлдын чийки затын түрдүү жолдор менен: бөлөк мамлекеттерден, күрөөканалардан сатып алып, иштетип келишкен. Мындай абал бул тармактын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып турган. Зергерлер мамлекеттин өзүнөн алтын сатып алууну жолго коюуну бир нече ирет талап кылышкан. «Зергерлер жана ишкерлер» бирикмесинин төрагасы Сталбек Акматов Улуттук банк тарабынан сатыкка чыгарылган алтын куймаларынын зергерлерге пайдасы жок экенин айтып, себебин мындай түшүндүрдү:

«Улуттук банк алтынды сатыкка чыгарганы жакшы экен. Бирок бизге кабар чыгары менен маалымат келди. Аны текшердик. Лондон биржасынын баасына салыштырып көрсөк, дүйнөлүк баага салыштырмалуу граммына 2.5 долларга кымбатыраак сатат экен. Бул өндүрүш үчүн эч кандай деле пайдасы жок. Балким инвестиция үчүн кандайдыр бир каалоосу бар адамдар алганга болот, а бирок өндүрүшкө эч кандай пайда алып келбейт. Тескерисинче, ошол өндүрүмдүн баасын жогорулатууга гана шарт түзөт». 

Лондон биржасында ушу тапта 1 килограмм алтындын баасы 58 миң доллар болсо, Улуттук банк сунуштап жаткан алтын куймасынын 1 килограммынын орточо баасы 60 миң 500 долларды түзөт.

Борбор Азияда алтын өндүрүмү боюнча Кыргызстан Өзбекстандан кийинки экинчи орунда турат. 2021-жылдын 11 айында Кыргызстан 5 тонна 269,5 килограмм алтынды беш мамлекетке экспорттогон. Бул экспорт көрсөткүчү 2020-жылга салыштырмалуу 11 тоннага азайган.

Copyright © 2017 Maral FM