Connect with us

Жонсон: Улуу Британия Украинанын аймактык бүтүндүгүн толук колдойт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 388 | 0

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинага расмий сапар менен келип, президент Владимир Зеленскийге жолукту. Бул тууралуу Obozrevatel сайты маалымдады.

Жолугушууда Борис Жонсон Владимир Зеленскийге Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн толук колдой турганын билдирди.

Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоодо Улуу Британиянын кошкон салымын жогору баалай турганын белгилеп, алар Орусияны «ооздуктоо», Кара деңиз аймагында тынчтыкты камсыз кылуу жана киберкоопсуздук тармагында биргелешкен аракеттерди көрүүнү макулдашты.

Борис Жонсондун айтымында, ушу тапта Орусия Украинанын чек арасына 120 миңден ашык аскерин топтогон, эми Беларуска да 30 миң аскер жайгаштырышы мүмкүн.

«Бүгүн Москва Украинага акыркы жылдардагы эң чоң кастыкты көрсөтүп жатат. Орусия үчүн мындан кийин гуманитардык, саясий жана аскердик кысым болот», — деди Жонсон.

Борис Жонсон белгилегендей, Улуу Британия Украинага 2,2 миллиард фунт стерлинг (дээрлик 3 миллиард доллар) аскердик жардам көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM