Биз менен байланышыңыз

Арсланбек Малиев биринчи айлыгын «Баткен» фондуна которду

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 505 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев бир айлык эмгек маянасын «Баткен» фондуна которуп коюуну парламенттин бүгүнкү жыйынында төрага Талант Мамытовдон өтүндү.

Ал өткөн аптада депутаттардан турган топ Баткенге жардам берип келишкенин айтып, аларга кошула турганын билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 27-январда Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө тилкесинде орун алып, 14 аскер жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM