Биз менен байланышыңыз

Байден «Талибан» өкмөтүн таануу шартын атады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2022 | 289 | 0

АКШ президенти Жо Байден талибдерден 2020-жылы Ооганстанда туткунга алынган америкалык деңиз флотунун ардагери Марк Фрерихсти бошотууну талап кылып, андан кийин гана алардын бийлигин мыйзамдаштыруу тууралуу талкуу башталышы мүмкүн экенин билдирди. Бул кабар АКШ президентинин сайтына жарыяланды.

«Талибан» кыймылынын мыйзамдуулукка умтулуусун карап чыгуудан мурун Маркты дароо бошотуулары кажет. Ансыз алар менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес», — деди Байден.

Билдирүүгө ылайык, Фрерих 2020-жылдын февраль айынын башында Кабулда дайынсыз жоголгон. Ал Ооганстанда инженер-куруучу болуп он жыл жашаган.

Байден Иллинойс штатынын тургуну Фрерихтердин үй-бүлөсү «анын коопсуздугу үчүн тиленип, кайтып келишин эңсеп, эки жылды азап менен өткөрүшкөнүн» белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM