Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда нан жана күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттады

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 850 | 0

25-январдагы Борбор Азиядагы энергетика системасында катталган кырсыктан кийин Өзбекстанда нан жана күйүүчү майга болгон баа кескин кымбаттады.  Бул тууралуу Central Asia маалымат сайты жазды.

Чайкана, наабайкана, дүкөндөрдө газ өчүрүлүп, баары көмүргө, отунга өтүшкөн. Газдын жоктугунан наабайчылардын көмүргө өтүшү нандын кымбатташына алып келген. Анжияндагы базарда 2000 сумдук (15 сом) нан азыр 3500 сумга (27 сом) бааланууда. Чоң нандын баасы 15 000 сумду (118 сом) түзөт.

Бийлик өкүлдөрү электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн экономикалык кесепеттери тууралуу эч кандай маалымат тарата элек. Ал эми жергиликтүү тургундар жана ишкерлер электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн экономикалык кесепеттерин көрүп жатканын айтышууда.

Өзбекстандын басымдуу бөлүгүндө метан май куюучу жайлары убактылуу жабылып, таксисттердин абалы оор. Май куюучу жайларда киргизилген убактылуу чектөөлөрдөн улам шаардык таксилердин, аймактар ​​аралык жүргүнчүлөрдү ташуу жана жеткирүү кызматтарынын баасы 20%, айрым жерлерде 50% кымбатташына алып келген.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги 27-январь күнү саат 16:00гө карата өлкө боюнча электр жарыгын берүү толугу менен калыбына келтирилгенин билдирген. Бирок Өзбекстандын басымдуу бөлүгү, өзгөчө Ташкент облусу жана Фергана өрөөнү учурда газсыз калууда.

25-январда Борбор Азияда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды электр энергиясынан ажыраткан массалык авария болгон. Бул транзиттик линиянын ашыкча жүктөлүшүнө байланыштуу болгонун KEGOC электр тармактарын башкаруу кызматынын казак операторунун басма сөз кызматы билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM