Биз менен байланышыңыз

Токаев: Казакстанда кырдаал толук турукташты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 274 | 0

Бүгүн, 27-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдөгү кырдаал толук турукташып, мыйзамдуулук жана тартип калыбына келтирилгенин жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Коопсуздук кеңешинин төрагасы Касым-Жомарт Токаев жыйынды ачып жатып, учурда өлкөдө кырдаал толугу менен турукташып, мыйзамдуулук жана тартип орнотулганын баса белгиледи. Мамлекет ар бир жарандын укугун  коргоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Буга байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сураган.

Тынчтык орнотуу миссиясын аткаруу үчүн Казакстанга ЖККУ өлкөлөрүнөн 2 миңден ашуун аскер, 250 аскердик техника кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM