Жалал-Абаддагы №10 абактын короосуна баңгизат ыргыткан адам колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 10-январда айтылган түзөтүү мекемесинин короосунан скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар 17 таңгак зат табылган. Соттук-химиялык экспертиза жалпы салмагы 9 кг 430 граммды түзгөн бул заттардын «марихуана» экенин аныктап берген. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголуп, ыргыткан адам изделип баштаган.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Ош облусунун 1975-жылы туулган тургуну М.Б. кармалган. Шектүүнүн айтымында, ал баңгизаттарды 10-январь күнү таңкы саат 5:30 чамасында ыргыткан. Максаты жазасын өтөп жаткандарга сатып, пайда табуу болгон.
Учурда шектүү Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.