Ташкентте (Өзбекстан) 22 жашка чейинки спортчулар арасында бокс боюнча биринчи Азия чемпионаты өтүүдө.
Кыргызстандан 6 спортчунун катышуусунда жарым финалдык беттештер 25-январга белгиленген.
Бирок ал күнү борбордук электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу эми жарым финал 27-январда, финалдык беттештер 29-январда болот.
Кыргызстандан 1/2 финалга 7 спортчу чыккан, бир мушкер дароо финалдан баштайт.