Биз менен байланышыңыз

Орусияда өтө турган эл аралык мелдешке Кыргызстандан 9 балбан барат

Кыска кабар , Спорт | 26 Янв 2022 | 495 | 0

27-январдан 30-январга чейин Орусиянын Красноярск шаарында өтө турган «Иван Ярыгиндин Гран-Приси» эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча 9 балбан катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Турнирге төмөнкү балбандар катышат:

Алмаз Сманбеков (47 кг)

Бекзат Алмаз уулу (47 кг)

Улукбек Жолдошбеков (61 кг)

Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг)

Орозобек Токтомамбетов (70 кг)

Исламбек Орозбеков (74 кг)

Эламан Догдурбек уулу (74 кг)

Арсалан Будажапов (79 кг)

Саякбай Усупов (86)

Балбандарды башкы машыктыруучу Исламбек Тазабеков коштоп барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM