Биз менен байланышыңыз

Жонсон: Украинага жардам көрсөтүүгө НАТО мүчөлөрү даяр эмес

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 262 | 0

Учурда НАТОнун Украинага чоң аскердик контингентин жиберүүгө даяр бир да мүчөсү жок. Бул тууралуу  Британ премьер министри Борис Жонсон  парламенттин жыйынында билдирди.

«Украинада түзүлүп жаткан кырдаалга НАТО аскерлерин жөнөтө алабы?» деген суроого жооп берип жатып Жонсон: «Учурда НАТОнун бир да мүчөсү Орусиянын «агрессиясына» каршы туруу үчүн Украинага чоң аскердик контингент жөнөтүүгө даяр эмес экенин айтышым керек», — деп билдирген.

Киев жана Батыш мамлекеттери жакында эле Орусиянын Украина чек арасына жакын жерлеринде «агрессивдүү аракеттери» көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Орусия мындай айыптоолорду четке кагып, эч кимди коркутпай турганын жана эч кимге кол салууга ниети жок экенин айткан. «Орусиянын агрессиясы» деген дооматтар Орусиянын чек араларына жакын жерде НАТОнун аскердик техникасын көбүрөөк жайгаштыруу үчүн шылтоо болуп жатат деп кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM