Ушул күндөрү Ташкентте (Өзбекстан) 22 жашка чейинки спортчулар арасында бокс боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
Бүгүн, 25-январда турнирдин төртүнчү таймашы чейрек финалдык беттештер орун алып, кыргызстандык эки спортчу рингге чыкты.
Анваржан Ходжиев жеңишке жетип, жарым финалда мушташууга мүмкүнчүлүк алды. Муну менен жарым финалга Кыргызстандан 8 спортчу өтүп, 4 мушкер медаль үчүн беттешүүгө илинбей калды.