Биз менен байланышыңыз

Министр: Энергосистемада мындай окуя биринчи жолу катталып жатат

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 323 | 0

Борбор Азия мамлекеттери менен бирдиктүү энергосистемада мындай штаттан тышкары окуя биринчи жолу катталып жатат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев айтты.

Азыр үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча комиссия түзүлүп, иш жүргүзүлөт. 

25-январда Кыргызстандын аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн кабарлап, Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире турганын билдирген.

Доскул Бекмурзаев 1-2 сааттын ичинде Кыргызстан боюнча электр жарыгы толук берилерин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров брифинг учурунда энергосистемадагы кырсык Кыргызстандын аймагында болбогонун айтты.

Токтогул ГЭСинде 9,3 млрд куб метрдин тегерегинде. Министр быйыл кыштан чыгууга ГЭСтеги суу жетерин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM