Биз менен байланышыңыз

Министр: Бир-эки сааттын ичинде жарык берилип бүтөт

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 232 | 0

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 1-2 сааттын ичинде Кыргызстан боюнча электр жарыгы толук берилерин билдирди.

Саат 15:30га карата электр жарыгы 50 пайыз берилип бүттү.

25-январда Кыргызстандын аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн кабарлап, Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире турганын билдирген.

Учурда бардык аймактарда жарык бериле баштады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров брифинг өткөрүп, энергосистемадагы кырсык Кыргызстандын аймагында болбогонун билдирди. Бирок система параллелдүү иштеп жаткандыктан өчүрүү болду. Үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча комиссия түзүлүп, иш жүргүзүлөт. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM