Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Өлкөдөгү кырдаал көзөмөлдө, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 245 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдөгү жана анын тегерегиндеги кырдаал көзөмөлдө турганын, дүрбөлөң түшүүгө негиз жоктугун айтты.

«Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйыны жаңы эле аяктады. Бул жыйындын жыйынтыгы медиа мейкиндиги үчүн чуулгандуу чечимдер эмес. Коомубуз жана жарандарыбыз үчүн абдан маанилүү тыянактарга келдик: бардыгы көзөмөлдө, дүрбөлөң түшүүгө эч кандай негиз жок», — деди Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйынынан кийин «Рада» телеканалындагы кайрылуусунда.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Европа лидерлери менен видеоконференция өткөргөнү маалымдалып, анда Украинадагы кырдаал талкууланганы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM