Биз менен байланышыңыз

Байден Европа лидерлери менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 240 | 0

АКШ президенти Жо Байден Европа лидерлери менен видеоконференция өткөрдү. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Байден видеоконференцияда Украинадагы кырдаалды талкуулаган. Жыйынга Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен, Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, ошондой эле Франция, Германия, Италия, Польша жана Улуу Британиянын президенттери катышкан.

Киев жана Батыш мамлекеттери Украинанын чек арасына жакын жерде Орусиянын «агрессивдүү аракеттери» көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдиришүүдө. Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия аскерлери өлкө ичинде экенин, бул эч кимге коркунуч жаратпасын белгилеп, ал эч кимди тынчсыздандырбашы керектигин айткан.

Орусия Батыштын жана Украинага «агрессивдүү аракет жасоо» боюнча айыптоолорун бир нече жолу четке кагып, өлкөсү эч кимди коркутуп-үркүтпөй турганын, эч кимге кол салбасын айтып келет. Буга чейинки билдирүүлөрүндө «Орусиянын агрессиясы» жөнүндөгү «айыптар» НАТОнун согуштук техникасын Орусиянын чек араларына көбүрөөк жайгаштыруу үчүн шылтоо гана болуп жатканын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM