Биз менен байланышыңыз

Аманбеков: Бийликтин бул кадамдары туура жолго алып келбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Янв 2022 | 845 | 0

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы — бул эң биринчиден, сөз эркиндигине жана көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына кысым. Бул — «иликтөө кылсаңар, камайбыз» деген белги. Мындай пикирин журналист Семетей Аманбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул окуяда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин баары бузулду. Журналистти 7-8 унаа милиция кызматкери, бир бусик толо спецназ келип, эл аралык террорист, наркобаронду кармагандай чоң атайын операция менен кармап кетти.

«3 сааттан ашык кармоого укугу жок болчу, 7-8 саат кармады, жактоочуну алып келген жок. Күбөлөрү жок. Балдарын да, кыздарын да полго жаткырып, чөнтөгүнө баңгизат салып, алып кетип камаганга аракет кылды. 

Журналистке басым жасаганда, кээ бир саясатчылардын, депутаттардын жүзү ачылды. «УКМКнын чоңуна иликтөө болду»,- деп коркуп, кээ бирөө келбей да койду. Постторун карасаңар, нейтралдуу. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде аябай чоң сүйлөп жаткандар ишке жараган жок. Бийлик журналисттер алардын душманы эмес, жактоочулары, өнөктөшү, санитарлары экенин түшүнүшү керек. Коррупциянын бетин ачып берген, күч органдарынын жумушун жасаган ушул -журналисттер. Иликтөөчү журналисттер жардам берип атса, кайра аларга кысым жасап атат», — дейт журналист.

Семетей Аманбеков бийликтин мындай кадамдары туура жолго алып келбесин билиши керек деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM