Биз менен байланышыңыз

«Лингва» фонду англис тилчи мугалимдерге сынак жарыялады

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 252 | 0

Кыргызстандагы Жогорку жана кесиптик окуу жайларда эмгектенген англис тили мугалимдери үчүн макала жазуу сынагы жарыяланды.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу астында «Лингва» инновациялык билим берүү фонду уюштуруп жаткан бул сынакта мугалимдер жеке тажрыйбасына негизделген академиялык макала жазууга тийиш. Тактап айтканда, окутууну жакшыртуу, билим берүүнүн натыйжасын арттыруу боюнча сунуштарды өз окуяларына, усулдук ыкмаларына таянып сунуштоо талап кылынат.

Макаланын темасына, идеясына чек коюлбайт: эркин форматта жазылат. Ошол эле учурда 1000 (миң) сөздөн кем эмес болуп, аягына колдонгон адабияттардын тизмесин берилүүгө тийиш.

Макалага көрсөтмө курал катары сүрөттөрдү да пайдаланса болот, эске ала турган жагдай, сүрөттүн астында автору же алган булагы, анан кыскача түшүндүрмөсү жазылышы шарт.

Макала Word-файлда  linguaprograms@gmail.com дарегине жөнөтүлүп, макаланын аягына же өзүнчө бетке автор аты-жөнүн, иштеген жерин, электрондук дарегин, мобилдик телефонунун номерин калтырышы керек.

Макала 3-февраль саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Жыйынтыгы «Тегерек стол» журналына жарыяланат.

Калыстар тобунун кошумча талаптарын drive.google.com/file/d шилтемесинен билүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM