Биз менен байланышыңыз

Иликтөөчү журналист корголобу же кордолобу?

Коом | 24 Янв 2022 | 1026 | 0

22-январда укук коргоо кызматкерлериТemirov Live телеканалынын кеңсесине кирип барып, «чөнтөгүнөн баңгизат табылды» деген жүйө менен иликтөөчү журналист Болот Темировду Бишкек шаардык милициясына алып кетишкен. Болот Темиров бул уюштурулган чагым экенин билдирип, жүргүзүлгөн наркологиялык экспертизанын жыйынтыгында да каны таза чыкканын маалымдаган. Коомчулук жана Темиров өзү муну бир канча күн мурун жарыялаган иликтөөсү менен байланыштырат.

Кыргызстандагы журналистиканын иликтөө жанрынын абалы кандай? Бийлик жасалган иликтөөлөргө жетиштүү реакция кылабы? Бул жана башка суроолорду эксперттер менен талдап көрөбүз. 

Журналисттик иликтөө жанры бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө популярдуу. Өзгөчө коррупция кеңири тамыр жайган өлкөлөрдө соңку учурда бул жанрга өзгөчө маани берилүүдө.

Журналист Семетей Аманбеков коррупциялык схемаларды ачууда жардамы чоң иликтөөчүлөргө бийлик бут тосуунун ордуна, эриш-аркак иш алып барышы керек деп эсептейт.

«Бийлик колдоп: «Иликтегиле, көрсөткүлө, жардам бергиле бизге. Керек болсо маалымат берели, запрос жиберсеңер, батыраак иликтөө жасаганга жардам берели», — дегендин ордуна, тескерисинче, бут тосушат. Бул туура эмес. Бийлик коррупцияны жоёлу, өнүгөлү деп айтып жатса, эң биринчи жардамчысы журналисттер болот. Ошон үчүн иликтөө тармагын баарыбыз колдоп, аракет кылышыбыз керек. Төрөтканадан баштап, көрүстөнгө чейин иликтеп чыксак, жашообуз оңолот эле».

Кыргызстанда журналисттик иликтөө жанры өнүгүп, иликтөөчүлөрдүн катары калыңдады. «ПолитКлиника», «Али Токтакуновдун МедиаХабы», «Темиров Live» жана бир катар блогерлер өз дараметине жараша журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келишет.

Иликтөөчү журналист Адил Турдукуловдун пикиринде, Кыргызстанда жасалган журналисттик иликтөөлөргө укук коргоо органдары бут тосуп, фактыларды жаап-жашырууга аракет кылышат.

«Чындыгында, Кыргызстанда журналисттер иликтөө жасоодо укук коргоо органдарынын ишин өз мойнуна алып жасап жатканын көрүп келебиз. Укук коргоо органдары аларга көмөк көрсөтпөстөн, тескерисинче, жолтоо болуп, фактыларды жаап-жашырууга аракет кылгандарын да көрүп жүрөбүз».

«Али Токтакуновдун МедиаХабы» фондунун негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Али  Токтакунов буга чейин бир катар иликтөөлөрдү жасап, жемкорлордун бетин ачкан. Анын «Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи» жана башка бир катар иликтөөлөрү коомдо резонанс жаратып, жемкорлордун жүзүн ачкан. Жасалган иликтөөлөрдүн натыйжасында айрым жетекчилер кызматтан кетип, айрымдары мамлекеттен мыйзамсыз алган акчаларынын ордун төлөп беришкен.

Иликтөөчүнүн айтымында, аларды коомчулук жакшы колдойт. Журналисттер колундагы болгон ресурс менен бийликтен иликтөөдөгү коррупциялык иштерди аягына чыгарууну талап кылат. Бирок, коопсуздугу дайым эле корголо бербейт.

«Иликтөө жасаган журналисттердин коопсуздугу ар дайым коркунучта. Ошол иликтөөнүн каарманы болгон коррупцияга аралашкан адамдар же бийлик башында тургандар журналисттерди дискредитация кылганга аракет кылышат. Түрдүү жолдор менен каралоого, фейктер, жалданма журналисттер аркылуу анти иликтөө жасаттырып, жамандаганга аракет кылышат. Мунун өзү чоң коркунуч. Андан сырткары акча сунуштап, сатып алууга аракет кылышат.  Мунун өзү да чоң басым. Мага да ушундай иш-аракеттер болгонун, «өлүүбү, тирүүбү алдыма алып кел» дегендерин кол алдындагылары коомчулукка айтып чыккан учуру болгон. Демек, өмүрүмө да коркунуч туулган учурлар болгон».

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрөгасы Марат Токоевдин айтымында, Кыргызстанда иликтөө жанры өнүгө берет. Бирок ар тараптуу чектөөлөр, журналисттерге болгон коркутууулар мамлекеттин өнүгүүсүнө зыянын гана тийгизет.

Андан сырткары медиаэксперт иликтөөчү журналисттерди каржылоо жакшы болбой жатканын белгилеп, келечекте иликтөөчүлөрдү эл өзү колдоого алат деп үмүттөнөт.

«Кыргызстанда журналисттик иликтөөлөрдү каржылоо начар болуп жатат. Өзүңөр билесиңер, Кыргызстандагы ЖМКлардын бардыгы өтө начар абалда. Бардык эле ЖМКлар журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө каражат таба беришпейт. Ошон үчүн айрым иликтөөлөр гранттын негизинде жүргүзүлөт. Бирок менин тилегимде, үмүт кылам, балким Кыргызстандын коому өзү да журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөндөргө салым кошуп, жардам беришеби деп. Чындыгында, айрым өлкөлөрдө элдин каржылык жардамы менен журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлүп келгенин билем, андай мисалдар бар».  

Учурда журналистиканын иликтөө жанрын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо максатында 2018-жылы түзүлгөн Уланбек Эгизбаев атындагы Журналисттик иликтөөлөр фонду иш алып барууда.

Көз карандысыз комиссиянын тандоосунун негизинде жылдын иликтөөчү журналисти аныкталып, сыйлык жыл сайын Улан Эгизбаевдин туулган күнүндө — 12-февралда тапшырылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM