Connect with us

COVID-19: Өлкөдө короновируска каршы 622 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 24 Янв 2022 | 240 | 0

Кыргызстанда  сутка ичинде COVID-19га каршы 622 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен 368 адам вакцинанын биринчи дозасын, 254 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 297 миң 729 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 76 миң 18 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Бустердик дозаны 40 миң 934 адам алды.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.

Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM