Эртең, 25-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайрадан суракка барат. Бул тууралуу саясатчы бүгүн сурактан чыккан учурда айтты.
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин да бир топ жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берди. Ал Баткендин Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө. Мадумаров ал кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.
23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер менен болгон жыйында Адахан Мадумаровго байланышкан протокол чыры боюнча эч кандай юридикалык маалыматы жоктугун, ал иш Башкы прокуратурада экенин айткан.