Кант шаарынын борборунда «Тез жардам» унаасы кырсыкка учурады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.
Кырсык бүгүн, 24-январда саат 8:00 чамаларында болгон. «Тез жардам» кызматы мигалкасын иштетип баратканына карабай, кесилиштен чыга калган «Лексус-470» унаасы оодара сүзгөн.
Кырсыктан «Тез жардамдын» айдоочусу жана фельдшери жабыркаган.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. Унаалар айып аянтчасына токтотулду.