Биз менен байланышыңыз

Пандемияда Германия экономикасы 350 миллиард евро жоготууга учурады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2022 | 444 | 0

Соңку эки жылдагы пандемия Германиянын экономикасына чоң зыян келтирди. Тагыраагы, болжол менен 350 миллиард евро жоготууга учураган. Бул тууралуу Кёльн шаарындагы Немис экономикасы институту (IW) изилдөө макала жарыялады.

«Күчтүү экономикалык өсүштүн шартында гана пандемиядан улам пайда болгон каржылык жоготууну этап-этабы менен жоюуга мүмкүн», —  деп айтылат макалада.

Бул жылы Германия өкмөтү ИДП көлөмүнүн 3,6 пайызга чейин өсүшүн күтүүдө. 2021-жылы ИДПнын өсүшү 2,7% түзгөн. Бул көрсөткүч 2020-жылдагы ИДП өсүшүнө караганда жакшы экени белгиленет.

Буга чейин 19-январда Статистика башкармалыгы Германияда инфляция дээрлик 30 жылдагы эң жогорку деңгээлге жеткенин, анда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 2021-жылдын декабрында 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу орточо 5,3%га кымбаттаган айткан. Бул 1992-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM