Биз менен байланышыңыз

АКШ Украинага аскердик жардамын көрсөтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2022 | 1884 | 0

АКШ Украинага аскердик жардам көрсөтүүдө. НВ басылмасы Украинанын Борисполь аэропортуна аскердик жардамдын экинчи партиясы келгенин жазды. Киев 22-январда ушундай эле жардамдын биринчи партиясында 90 тонна курал алганын маалымдаган.

«Украина Вашингтондон аскердик жардамдын жаңы партиясын алды. Кеп M-141 Bunker Defeat Munition же SMAW-D бир жолу колдонулуучу кол гранатометтору жөнүндө болуп жатат. Мындан тышкары танкка каршы Javelin системаларынын партиясы да өткөрүлүп берилди», — деп айтылат басылма макаласында. .

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, АКШ жана НАТОнун башка өлкөлөрү аймактагы кырдаалды курчутууда. Альянс Украинага курал-жарак берүүнү көбөйтүп, Батыш инструкторлору арбын келе баштады. Бул украин бийлигин «аскердик авантюраларга» түртүшү мүмкүн жана Орусиянын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирет.

Украина армиясынын жарымы Донбасста топтолуп, куралдуу топтор тыюу салынган техникалар менен аткылоодо. Бир күн мурда Донецк элдик республикасынын башчысы Денис Пушилин Украинанын куралдуу күчтөрү кармашуу линиясына жакын жерде 120 миңдей аскер топтогонун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM