23-январда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1 күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…+1 градус жылуу болот.